Айгүл Жапарова: “Кыргызстанда кыздардын билим алуусуна шарт түзүп беришибиз керек”

Кыргызстанда кыздардын билим алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул тууралуу «Эне-балага тирек» коомдук фондунун жетекчиси Айгүл Жапарова 22-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи улуттук форумунда билдирди.

Анын айтымында, билим берүү менен кыздардын коомдогу деңгээлин жана таасирин жогорулата алабыз.

“Биз көбүнчө кыздарды турмушка даярдайбыз, бирок биз андай кылбай, кыздарыбыздын окуусуна ошону менен бирге билим алуусуна терең көңүл бурушубуз керек”, — деди ал.

Ошондой эле, ал лидер аялдар коомго керек экенин белгилеп, “Биз – аялдар коомдогу ролубузду дагы унутпашыбыз керек”, — деп кошумчалады.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген лидер жана саясатчы аялдар, мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Форум аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгү, аялдардын лидерлигинин факторлорун кайра карап чыгуу жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү боюнча диалогдук аянтча катары иш алып барат.

Форумга Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, райондук, облустук администрациялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын министрлер кабинетинде иштеген аялдар, биринчи айымы жана «Эне-балага тирек» коомдук фондунун директору Айгүл Жапарова, экс-президент Роза Отунбаева, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана башка саясий лидерлер катышууда.

Форумдун жүрүшүндө чечимдерди кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде аялдардын лидерлигин илгерилетүү, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын айлана-чөйрөгө жана тынчтыкка кошкон салымын жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштелип чыкмакчы.