Коммерциялык банктарга алтын жана күмүш куймаларды сатуу жана сатып алууга укук берилүүсү каралууда

Кыргызстанда коммерциялык банктарга алтын жана күмүш куймаларды сатуу жана сатып алууга укук берүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров банк тармагынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, банктарга алтын менен күмүштү куйма жана монета түрүндө сатууга (сатып алууга) уруксат берүү валюталык тобокелдиктерди диверсификациялоо механизмдеринин бири болмокчу.

Аталган кеңешмеде экономиканы өнүктүрүү маселеси жана банк тармагынын көйгөйлөрү талкууланган. Жапаров банктарды инвестиция тартууда мамлекет менен бирге иш алып барууга чакырган.

Андан тышкары жыйында ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу, мисалы, чакан ГЭСтерди куруу үчүн ресурстарды мобилизациялай турган банктардын консорциумун түзүү максаты коюлуп жатканы айтылган.

630453547931e.jpg.pagespeed.ce.AbnoOog2cc Коммерциялык банктарга алтын жана күмүш куймаларды сатуу жана сатып алууга укук берилүүсү каралууда
6304535438fc7 Коммерциялык банктарга алтын жана күмүш куймаларды сатуу жана сатып алууга укук берилүүсү каралууда
6304535438fef.jpg.pagespeed.ce.cXuFi7Xzsh Коммерциялык банктарга алтын жана күмүш куймаларды сатуу жана сатып алууга укук берилүүсү каралууда