Липосакциядан кийин каза болгон аялдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылды

Жеке клиникада липосакциядан кийин каза болгон аялдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОИИБдин тергөө кызматына айыпталуучу Г-З.Л.нын кызыкчылыгын коргогон жактоочудан тараптардын жарашуусу жана жабырлануучуга материалдык кенемте төлөп берүү жөнүндө макулдашуунун негизинде кылмыш ишин козгоону токтотуу өтүнүчү түшкөн.

Эске салсак, 10-июнда борбордогу жеке клиникалардын биринде жасалган операциядан кийин 40 жаштагы бейтап ооруп калган. Төрт күндөн кийин аял Улуттук госпиталга жеткирилген. Бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Дарыгерлердин айтымында, анын көптөгөн органдары иштебей калган. Операция жасаган хирург камакка алынган болчу. Ага карата «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренелери менен айып тагылган.