Курсагынан май алдырган аялдын өлүмүнөн улам «Art clinic» жеке менчик бейтапканасы жабылды

Липосакция операциясынан кийин аял каза болгон окуя резонанс жараткан. Бул киши өмүрүн алган окуядан кийин «Art clinic» жеке менчик бейтапканасы жабылды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Башкармалыктын айтымында, окуядан кийин бейтапкана жабылган. «Art clinic» лицензияны токтотуу боюнча арыз менен кайрылган.

993526414866b9165e2c3e1c23341470 Курсагынан май алдырган аялдын өлүмүнөн улам «Art clinic» жеке менчик бейтапканасы жабылды


Буга чейин Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Гүлжан Жүзубалиева бөлүмгө 14-июнь
күнү «Art clinic» жеке менчик бейтапканасынан өтө оор абалда түшкөн аял тууралуу
билдирген. Ага операция жасалып, 18-июнда эс-учуна келбей каза болгон. Ал эми Бишкек ШИИБи тараптардын макулдашуусунан улам бейтапкананын хирургуна карата кылмыш ишин козгоо токтотулганын билдирди.

Белгилей кетсек, аталган бейтапкана жеке ишкер Алиева Алина Абдрахмановнанын атына
катталган.

common 7656 Курсагынан май алдырган аялдын өлүмүнөн улам «Art clinic» жеке менчик бейтапканасы жабылды