Владимир Путин Режеп Тайып Эрдоганды ШКУнун саммитине чакырды

Владимир Путин түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганды 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине чакырды.

Путин саммитке Сирия президенти Башар Асадды да чакырган. Tasnim агенттиги билдиргендей, Эрдоган менен Асад Өзбекстанда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү ыктымал.

Жакын арада түркиялык “Ватан” партиясынын жетекчиси Догу Перинчек Сирияга барып, Асад менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Перинчек менен бирге түрк делегациясынын курамында бир нече мурдагы министрлер жана түрк дипломатиясынын ардагерлери болот.

Басылма түрк делегациясы 12 орунду атайын учак менен жеткирилери, бул түрк аэропортунан Сириянын борбору Дамаск шаарына акыркы он жылдан бери биринчи жолку учуу болорун белгилеген. Жолугушуу маалында мамилелерди калыбына келтирүү, Сириянын түндүгүндө терроризм менен бирге күрөшүү жана качкындарды кайтаруу маселелерин талкуулоо пландалууда.

Эки өлкөнүн лидерлери 2011-жылдан бери сүйлөшө элек.