Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышты.

Өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, бардык өлкө лидерлери, БА делегация башчылары жана Европа Кеңешинин президенти сөз сүйлөштү.

Делегация башчылары региондун актуалдуу маселелерин, регионалдык интеграцияны, Европа Бирлиги менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле бардык багыттар боюнча, анын ичинде ЕБ менен мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү активдештирүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Борбор Азия памлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгында биргелешкен пресс-коммюнике кабыл алынды.

Иш-чара резидент Садыр Жапаровдун атынан расмий кабыл алуу менен аяктады.

Эскерте кетсек, 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болмокчу.

img 20230602 wa0096 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады
f43bdcba 6ef7 4099 9412 0789c497d9c6 1200x630 1 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады
img 20230602 wa0099 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады
img 20230602 wa0090 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады
9b658a0f 4f14 4f40 a2b2 64f52713c928 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады
6bfec11b 528d 4e68 91f6 dd2e0f794e42 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады
d50124db 7d58 4b27 8b89 b0403f989395 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады
img 20230602 wa0091 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады

img 20230602 wa0088 Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити аяктады