Бишкекте бир канча кылмыштарды жасап жүргөн киши кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бир катар кылмыштарга шектүүнү кармашты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 21-мартында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жазуу жүзүндөгү арыз менен жаран С.А. көрсөтүлгөн күнү саат 11:30дан 18:00гө чейин Елецкий көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн бирине пластикалык терезени кысып, мыйзамсыз түрдө кирип жалпы суммасы 1 миллион сомдук зергер буюмдары менен кошо акчасын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле арыз ээси кылмыш кылгандан соң Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка изин жашырып кетишкенин айткан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 15-апрелинде саат 20:30дар чамасында белгисиз беткапчан адамдар Орозбеков көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн бирине мыйзамсыз киришип, физикалык күч колдонуп, темир таяк жана белгисиз тапанча менен коркутуп, КЭРдин жарандары Ж.Л. , Т.Д., Л.Ж. жана Ч.Ы.нын колу-бутун курулуш жип жана желим жака менен байлап жатып, 27 миң АКШ долларын, 400 миң сом акча каражатын жана жеке буюмдарын ээлеп алышкан. Андан соң алар Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында мурда оор кылмыштары үчүн соттолгон 1979-жылы туулган Кыргызстандын жараны О.Н. колго түшкөн. Андан соң Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматына алынып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда спорттук сумка табылып, анын ичинен белгисиз маркадагы 1 даана ок куралы, 1 даана номурлары өчүрүлгөн Макаров тапанчасы, 9 мм. патрондор, жарылуучу граната түрүндөгү 1 даана, 7 даана өлчөмдөгү кара жака, 9 мм. 12 патрон, скотч менен оролгон желим баштыкка жана кара түстөгү конструкция табылып, алар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан даректерди аныктоо жана башка тиешелүү адамдарды кармоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.