УКМК: Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды

Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Л. кармалды.


“Кыргыз Республикасындагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес.
Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, “кызмат” үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык сыйлык сунушташкан.
2023-жылдын 29-майында чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Л. пара катары 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Чет элдик жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”
, – деп айтылат маалыматта.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республиканын аймагында иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сактоого чакырат.

0505eb74 b700 4fa2 8a10 59198e9d1471 УКМК: Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды
095ddef0 5c4c 4cdf 9c01 42c8eacb6beb УКМК: Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды
3fcf39e7 2d42 448d 8131 3ae7fa4be876 УКМК: Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды
4d0d0d9d 84d2 4f88 b776 aa0d244290b6 УКМК: Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды
9e97020f 7108 43e7 b477 38ef4acddae8 УКМК: Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды
4397b8c2 d5a5 4904 b0d4 cd8df50cd3ef УКМК: Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды