Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңди

Бишкек шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңди.

Айпери Медет кызы финалда кытайлык балбан менен күч сынашып, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Жуманазарова 68 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. Чейрек финалда ал мурда Азия чемпионатында мурдун канаткан казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды. Ал эми жарым финалда монголиялык спортчуга жеңилип калды. Канададан келген балбанды утуп коло медаль алды.

Белгилей кетсек, турнир Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 500дөй спортчу катышууда.

1063827318 0 0 2601 1463 1920x0 80 0 0 a1c3f54f42557283d373fd5429d10ab9 Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңди