«ЕБ – БА» саммити башталды

Бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу башталды.

«№2 мамлекеттик резиденциясынын» Конгресс-холлуна кирердин алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин — ЕБ Президенти Шарль Мишелди, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин — Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонду, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевди жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесовду тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу өтө турган жыйындар залына киришти.

64798083b79f1  «ЕБ – БА» саммити башталды
whatsapp image 2023 06 02 at 13 27 01 6  «ЕБ – БА» саммити башталды
64798fa655160  «ЕБ – БА» саммити башталды
????????????????????????????????????