Талас ОИИБи балдары коргоо күнү менен куттуктады

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Талас ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Жаныбек Осмонбеков жана өздүк курам Талас шаарынын борбордук сейил багында балдардын майрамына карата бөбөктөрдү куттукташты.

“Анда балдарга атайын иш чара уюштуруп, ар кандай оюнчуктар жана балмуздактарды таратып, кызыктуу жана пайдалуу китептерди белекке беришти”, – деп айтылат маалыматта.

Салтка айланган бул иш-чара балдардын купулуна толуп, алардын жүзүнө жылмаюу тартуулады. Иш-чаранын максаты жаш жеткинчектердин маанайын көтөрүп, руханий адеп-ахлакка чакыруу жана милициянын аларга болгон камкордукту көрсөтүү.

5f69a40e c2db 404e 881e 08b75d905c9f Талас ОИИБи балдары коргоо күнү менен куттуктады
e7779d70 b1eb 40af 9bcb b7e7e7164938 Талас ОИИБи балдары коргоо күнү менен куттуктады