Бүгүн эл аралык кыздар күнү

Бүгүн, 11-октябрь — эл аралык кыздар күнү. Бул күн Кыргызстандын бардык аймагында кыздардын укуктарын жайылтуу багытында белгиленүүдө.

2011-жылы 11-октябрда Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында эл аралык кыздары күнү катары жарыяланган.

Негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп эсептелет.

Эл аралык кыздар күнү секелектер тууралуу көйгөйлүү маселелерди ачык айтып чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун аныктай турган күн да болуп саналат. Мисалы: кыздардын коомдогу укуктарын басынтуу, билим алуусуна шарт жоктугу жана күч колдонуу, өзүнүн ыктыярсыз турмушка узатуу сыяктуу маселелерди алдын алууга багытталат.

Кыздардын эл аралык күнүн белгилөө демилгеси алгач Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясында Канада өлкөсү тарабынан сунушталган. Аны ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча канадалык саясий жана коомдук ишмер Рона Эмброуз алектенген.