Сокулук РЭТнин кызматкери пара менен кармалды

Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. пара катары акча каражатын алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, мурдараак А.А.С. аттуу жаран Сокулук райондук электр тармагынын дарегине, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аттуу аталган жарандан опузалап 20 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган жабырлануучу тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-тегөө иш-чараларынын алкагында 7-октябрда Сокулук районунун аймагынан, Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.