Калаада митингдерди тыюу 1-сентябрдан 1-декабрга чейинки аралыкка узартылды

Бишкекте митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу 1-сентябрдан 1-декабрга чейинки аралыкка узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 1-апрелде мэриянын муниципалдык администрациясы Орусия элчилигинин имаратынын жанында, Ала-Тоо аянтында, ЖК, президенттик администрация жана УКМК имараттарынын жанында тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.

Акцияларды Максим Горький атындагы аянтта өткөрүүгө уруксат берилген.