5 киши Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда каза тапты

Кечээ, 3-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда (ГЭС-5 районунда) үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп, 5 киши каза тапты.

Маалым болгондой жол кырсыгы болжол менен саат 22:00дө болгон. «БМВ 325» унаасы чыгыштан батышты көздөй бара жатып алгач карама-каршы тилкеде келе жаткан «Мазда Демио» унаасын сүзүп, андан кийин «Мерседес-Бенц» унаасы менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын айынан «БМВ 325» унаасынын 36 жаштагы К.С.З. аттуу айдоосу жана унаанын ичиндеги 20 жаштагы К.З.Т., 5 жаштагы Ж.А.Э., 71 жаштагы К.Х.М. аттуу жүргүнчүлөрү каза болгон. Ошондой эле кырсыктын кесепетинен «Мазда Демио» унаасынын 28 жаштагы А.А.А. аттуу айдоочусу каза тапкан.

Жол кырсыгынан жабыркаган 16 жаштагы Ш.С.Ш, 3 жаштагы Ж.А.Э. жана М.Б.К. (туулган жылы такталууда) Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.