Бишкекте сегиз манасчы үйлүү болуп, жаңы батирлерге сертификаттар тапшырылды.

Маалыматка ылайык, меценат Нургалы Асаналиев сегиз манасчыга үй тартуулады. Манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Самат Кочорбаев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Асанаалы Калил уулу жана Үмөт Болотбек уулу батирге ээ болгон.

Ал эми Рысбай Исаков өзүнө берилген сертификатты жаш манасчы Нурбек Талантбеков го белек кылды.