Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата Бишкек мэриясында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров күмүш төш белгилерди, кол сааттарды, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

«Сыйлыктарды Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, борбордук аппараттын, шаардык жана райондук кызматтардын кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү алышты»,-деп айтылат маалыматта.