Парламентте мигранттардын маселеси көтөрүлдү

1-сентябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштады.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мигранттардын маселесине байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, Тышкы иштер министрлигине, миграция департаментине тапшырма берүүсүн талап кылды.

«Мигранттардын 3-сентябрга чейин мөөнөтү бар экен, эгер 3-сентябрдан өтүп кете турган болсо, ал жакта чоң көйгөйлөр башталат экен. Мурда билесиздер бир жылга каттоого туруу 5000-700 миң рубль болчу. Азыр үч ай сайын каттоону жаңылаш керек экен. Ошондон улам чек арадан өтүп, анан кайра киребиз деп жатып 14 жараныбыз шейит кетти. Үч айда бирден каттоого туруу дагы оңой эмес.

Азыр эмгек келишими боюнча тургузат экен. Азыр эмгек келишими же каттоосу жоктор метро, коомдук транспорт менен жүрө албай, такси менен жүрүп кыйналып жатыптыр. Миллиондогон мекендештерибиздин баары эмгек келишимин түзө албайт, бул реалдуу нерсе эмес. Урматтуу министрлер кабинетинин төрагасы, Тышкы иштер министрлигине, миграция департаментине тапшырма берсеңиз. Мигранттар ыйлап жатат», — деди Нуржигит Кадырбеков