Каракол шаарында айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кеткен

31-август күнү саат 15:30дар чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда жол кырсыгынан улам курактагы аялды ар кандай жаракаттары менен ооруканага алып келингендиги маалымдалган.


Катталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу келип, иштин чоо-жайын тактоо боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Жабыркаган аялды сураштырган милиция кызматкерлери, ошол эле күнү болжол менен саат 15.00 чамасында Пристань-Пржевальск айылчасынын 75 жаштагы тургунун жолдун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден белгисиз унаа сүзүп кеткендигин аныкташкан. Кырсыктан кийин белгисиз унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.


Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочуну аныктоо жана кармоо максатында токтоосуз түрдө «Перехват» иш мерчеми киргизилип, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн майрамдоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган бардык милиция кызматкерлерине багыттама берилди. Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү тарабынан көрүлгөн иш чаралардын натыйжасында жол кырсыгына катыштыгы бар «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып, кармалган. Ал Түп районунун 29 жаштагы тургуну С.Н. болуп чыкты жана алгачкы суракта жөө жүргүнчүнү сүзгөн боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.


Чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Автоунаа айып төлөнүүчү жайга киргизилди.

WhatsApp Image 2022 09 01 at 08.00.05 1 Каракол шаарында айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кеткен

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы