Мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды

ИИМ: Мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды

Шектүү “Дордой” базарында элдердин көптөгүн пайдаланып, уурулук менен алектенип жүргөн. Жөнөкөй кийинген аялдан эч ким шек санабагандыктан, ал ушундан пайдаланып, жабырлануучулардын жанына барып, сумкалардан капчыктарды жана баалуу мүлктөрдү уурдап, анан изин жашырып кетип жүргөн.


2022-жылдын 13-август күнү “Дордой” базарында белгисиз адамдар 41 жаштагы аялдын сумкасынан баасы 140 миң турган “iPhone 13” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жабырлануучу милиция га кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Милиция кызматкерлери видеокөзөмөлдү карагандан кийин, чөнтөк уурулугуна тиешелүү жаранды табышкан. Ал шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыш иштерине тиешеси бар болушу ыктымал. Камерада шектүү уурдалган телефон менен тез кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле, ал кайра башка бирөөнүн сумкасына уурулукка кирип жатканда байкалып калган.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Нарын облусунун тургуну 1976-жылы туулган М.М. кармашкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аныкталгандай, шектүү уурдалган телефонду сатып алуучуларга арзан баада сатып салган.
Иликтөөнү Свердлов РИИБи жүргүзүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

YouTube video