Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салган регламенттин долбоорун жактырбай артка кайтарды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салган регламенттин долбоорун жактырбай артка кайтарды. Бул тууралуу эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди.
Эл өкүлү Исхак Масалиев, Президенттин каршы пикирин Жогорку Кеңешти алсыратуу кадамы деп эсептээрин айтты.


«Президенттен каршы пикир келди. Регламент боюнча мыйзамды тезинен кайра иштеп чыгышыбыз керек. Каршы пикирде «Жогорку Кеңештин укугу жок» деген бир топ сын-пикирлер бар экен. Урматтуу кесиптештер, муну мен Жогорку Кеңешти алсыратуу кадамы деп эсептейм», — деди Масалиев.


Мындан улам ал бир мунасага келүү менен регламентти кабыл алып, толук кандуу мыйзамдуу түрдө иштеш керектигин белгиледи.
Буга чейин, депутаттар каникулга чыгар алдын парламенттин жаңы регламентин кабыл алып, президентке жөнөткөн.