Маркум Болотбек Шамшиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

Кинорежиссер, сценарист Болотбек Шамшиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке  ыйгарылды (каза болгондон кийин)”, — деп айтылат маалыматта.