Айчүрөк Иманалиева: “Азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң”

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайткан уулу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды.

«Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос. Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жараткан сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим.


Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болоор… Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам», — деп жазган Иманалиева.

Арген Иманалиев, отуз беш жаш курагында жүрөк оорусунан каза болду.