Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 миллион сом сарпталат

Бул тууралуу  мэриянын алдындагы Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Эгемендүүлүк майрамынын биринчи бөлүгү Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Мамлекеттин биринчи адамдарынын катышуусу менен чоң театралдаштырылган программа пландаштырылган. Кечинде башкармалык борбордогу Ала-Тоо аянтында концерт уюштурат.

Бул күнкү концертте ата мекендик өнөрпоздор өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле, акча үн аппаратурасын, декорацияларды, реквизиттерди, транспортту ижарага алууга, чыгармачыл өндүрүштүк топту жалдоого, 20 биодаараткана орнотууга жумшалат.