Максат Аманкулов паспортун жоготуп алып, көп жылдан бери Казакстандан келе албай жүрөт

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кудургу айылынын тургуну Максат Аманкулов документтерин жоготуп алганынан улам Казакстандын Алма-Ата шаарынан көп жылдан бери мекенине кайта албай жатат. Бул тууралуу аны менен жолугуп калган мекендешибиз билдирип, социалдык тармакка жарыялады.


Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул жигит боюнча маалыматты Кудургу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Сарымсаковдон сурап көрдү.
«Максат Аманкулов 1981-жылы Кудургу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир тууган, 3 уул жана 3 кыз. Тилекке каршы, анын атасы Асек Аманкулов каза болуп калган. Апасы Калыс Түркөбаева Якутияда, агасы Бахрам Аманкулов Ханты-Мансийсктин Сүргүт шаарында жашайт. Бахрам иниси Максатка 2-3 жолу документ жасатып берген, бирок кайра-кайра жогото берген. Акыркы жолу Максат 6 жыл мурун Кудургу айылына келип кеткен. Ошондон бери дайыны чыкпай
калган.


Максаттын атасынын бир тууган иниси, полковник Мурат Аманкулов (аскер окуу жайларында сабак берет) Казакстандын тийиштүү өкүлчүлүгү менен байланышыптыр. Бүгүн, 29-август күнү казак тарап “Кордай” чек ара өткөрүү
пунктуна алып келет экен. Буюрса, Максат кичи мекени болгон Кудургу айылына келип калат», – деди айыл башчысы.