Россия Ульяновск облусундагы жол кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду

Россиянын Ички иштер министрлиги 16 адам каза болгон (14ү кыргыз жарандары) Ульяновск облусундагы жол кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Россиянын ИИМинин расмий сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, жүк ташуучу унаанын айдоочусу өз убагында ылдамдыгын азайтууга үлгүрбөй, кичи автобусту сүзүп кеткен. Натыйжада кичи автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган. Кичи автобуста 18 адам болгон.

“Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ульяновск облусунда 16 адам каза болгон кырсык боюнча кылмыш ишин департаменттин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүүнү тапшырды.

Башкармалыктын башчысы адамдардын өлүмүнө алып келген жол кырсыктын бардык жагдайларын аныктоону, транспорт каражаттарынын техникалык абалы боюнча документтерди сурап, изилдөөнү, ошондой эле адамдарды коопсуз ташуу боюнча талаптардын сакталышын текшерүүнү тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.

Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588+7 977 947 55 80+996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.