Акыйкатчы институту четте өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин көтөрдү

Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал акыркы айларда элчиликтерге, консулдарга, дмпломатиялык кызматкерлерге арыз көп түшүп жаткканын айтып, айрыкча Орусияда даттануу көп экенин белгиледи.

Орусиядагы каргашага байланыштуу Ульяновск облусунда бул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен байланышканын кабарлады. Акыйкатчы институту мигранттарды каттоого тургузуу талабына укуктук талдоо жүргүзүп жатканын, жыйынтыгында Жогорку Кеңешке сунуш берилерин билдирди.