Лицензиясы жок чет элдик валюта менен иштеген жаран айыпка жыгылды

Улуттук банк Кыргызстандын жаранына (К.А.К.) лицензиясы жок чет элдик валюта менен операцияларды жасагандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Нак чет элдик валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн салынган айыптын суммасы 17,5 миң сомду түзгөнү такталды.

Жыл башынан бери Улуттук банк тиешелүү уруксат кагаздары жок валюталык манипуляцияларды жасаган 14төн ашык адамга айып салды.