Чүйдө күйөөсү тарабынан токмоктолгон аял арыз жазды

Чүйдө күйөөсү тарабынан токмоктолгон Б.Ф. аттуу аял милицияга арыз жазды. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

299635581 2830295520447851 5229843236767940726 n Чүйдө күйөөсү тарабынан токмоктолгон аял арыз жазды

Маалыматка ылайык, жабырлануучу 16-август күнү күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери баштаган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Жабырлануучу учурда ооруканада дарыланып жатат. Кошумча маалымат берилет»,-деп билдиришти Чүй ОИИБден.

whatsapp image 2022 08 17 at 12 55 24 Чүйдө күйөөсү тарабынан токмоктолгон аял арыз жазды
whatsapp image 2022 08 17 at 12 55 24 1 Чүйдө күйөөсү тарабынан токмоктолгон аял арыз жазды

Буга чейин 24.кж сабалган келиндин жакындарына шилтеме берип, анын 4 баласы бар экенин жазган.