Ууруга баштыгын жулдурган аял жаракат алып, ооруканага түштү

Бишкекте ууруга баштыгын жулдурган аял жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 24-июль күнү болгон. Пенсионер аял үйгө кирип бара жатканда артынан келген эркек киши колундагы баштыгын жулуп, качып кеткен. Ошол учурда 71 жаштагы шаар тургуну тепкичтен ылдый кулаган. Кийин ооруканадан анын мээси чайкалып, акыреги сынган.

Бул факт КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине («Каракчылык») ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Чүй облусундагы Сокулук районунун 28 жаштагы тургунун шектүү катары кармалды. Ал мурда дагы бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.