Биринчи май районунда эки адам иске ууланып, ооруканага түштү

Бишкектин Биринчи май районунда эки адам иске ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токтоналиев көчөсүндө болжол менен 15 чарчы метр пластик эшик жана жыгач терезе жана үй-тиричиликтери күйгөн.

Өрттүн кесепетинен И.Д. аттуу эркек киши жана А.А. аттуу аял иске ууланып ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.