Улан Ниязбеков Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту

ИИМ: Улан Ниязбеков Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту

2022-жылдын 11-август күнү Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында өтүп, 500гө жакын жергиликтүү тургундар катышты.

WhatsApp Image 2022 08 11 at 14.48.08 1 Улан Ниязбеков Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту


Элдер менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы келишти.
Жолугушуу учурунда Талас районунун жашоочусу ички иштер министрине көптөн бери мал уурулугунун бети ачылбай жатканын, аны мыйзамдын чегинде карап, көзөмөлдөп берүүсүн өтүндү. Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен ИИМден барган өкүлдөр жогорудагы жарандын кайрылуусун мыйзам чегинде териштирүү үчүн кабыл алды.


Жолугушууда ИИМде иштеген кызматкерлерге качан турак жай берилет деген суроону Талас шаарынын тургуну узатты. Бул суроого Улан Ниязбеков жооп берип, Бишкек шаарында көп кабаттуу турак жай салынып жатканын, күзүндө милиция кызматкерлерине тапшырыла турганын, андан сырткары мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу да үй алса болорун билдирди.

WhatsApp Image 2022 08 11 at 14.48.08 Улан Ниязбеков Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту


Жергиликтүү тургундар айрым мамлекеттик органдардагы коррупцияны айтышып, текшерип берүүлөрүн суранышты. Андан сырткары, каржы пирамидасына элдер көп алданып жатканын айтышып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу керектигин билдиришти. Прокуратуранын жана милициянын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер дагы айтылып, кылмыш иштеринин тергелишинин убактылары созулуп жатканын кошумчалашты. Талас районунун тургуну айыл өкмөттөрдө тендерлердин өткөрүлүшүнө нааразы болуп, мыйзамсыз иштери көп экенин билдирип, укук коргоо органдары текшерип берүүсүн суранды.
Негизинен аталган жолугушуулар элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди чечүүгө арналгандыгын белгилейбиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы