“Азия Молл” соода борборунда бомба бар экени такталууда

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн билдирди. Учурда соода борборго ыкчам-тергөө тобу келген. Жарандар сыртка чыгарылууда.

Буга чейин ишкер Илгиз Шаменов унаасынан жардыруучу затка окшош буюм табылганын билдирген.