Кыргызстан менен Өзбекстан жыл аягына чейин чек ара сызыгын толугу менен тактап бүтүүгө аракет кылууда

Ал тапта Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар эки өлкө өкүлдөрү Уңгар-Тоо, Чоң-Сай жана Кемпир-Абад сыяктуу талаштуу аймактар боюнча мунаса табууга жакындаганын айтып чыкты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды.

Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, 17-августка чейин уланчу жолугушууда эки тарап буга чейин тактала элек аймактарды боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө.

Бөрүбаев Өзбекстан менен чек араны жыл аягына чейин толугу менен чечүүгө аракет көрүлүп жатканын ачыкка чыгарды.