ИИМ: КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси болуп өттү

2022-жылдын 11-августунда Бишкек шаарында сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган ички иштер министрликтеринин Кеңешинин жыйынына даярдык көрүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин эксперттеринин Кеңешмесинин отуруму болуп өттү.
Кеңешменин ишине Азербайжандын, Армениянын, Беларуссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин (полициянын) өкүлдөрү, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү катышты.
Отурумду Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов ачып, КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешмесинин алдыда боло турган отуруму коронавирус пандемиясы башталгандан бери биринчи жолу оффлайн режиминде өткөрүү пландалганын белгиледи.
Биз КМШ мамлекеттеринин ички иштер органдарынын/полициясынын жетекчилеринин бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөбүз, анда биздин өлкөлөрдүн аймагында чек ара аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү, баңгизаттарга, уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча жалпы стратегияны иштеп чыгуу максатында чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле, КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлер кеңеши тынчтыкты куруу ишинде чоң роль ойной тургандыгын белгиледи. Учурдагы заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршылык көрсөтүшүбүз керек.
Эксперттердин бүгүнкү биргелешкен жыйыны КМШ өлкөлөрүнүн аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн уюштуруу формаларын даярдоо жана өнүктүрүү жолундагы дагы бир кадам болуп саналат.
Материалдарды даярдоо боюнча иш – бул кылмыштуулукка каршы күрөштө жамааттык эркти жана тең укуктуу кызматташтыкты билдирген КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин боло турган жыйынын ийгиликтүү өткөрүүнүн күрөөсү экендигин белгилей кетүү керек.
Сөзүнүн аягында Адылбек Бийбосунов отурумдун бардык катышуучуларына жемиштүү биргелешип иштөөнү жана бардык мамлекеттердин кызыкчылыгында конструктивдүү чечимдерди кабыл алууну каалады.
Иштин жүрүшүндө эксперттер КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын кароосуна киргизилүүчү документтердин долбоорлорун карап чыгып, келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгышты.


Эксперттердин жыйыны ишкердик, конструктивдүү кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү менен болуп өттү.
Кеңешменин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көрсөтүлгөн меймандостугу, кеңешмени уюштуруунун жана өткөрүүнүн жогорку деңгээли үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

WhatsApp Image 2022 08 11 at 12.26.22 ИИМ: КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси болуп өттү
WhatsApp Image 2022 08 11 at 12.26.22 1 ИИМ: КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси болуп өттү
WhatsApp Image 2022 08 11 at 12.26.21 ИИМ: КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмеси болуп өттү