Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 6 жаштагы бала каза болду

Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 6 жаштагы бала каза болду. Бул маалыматты Чүй ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 7-августта саат 17:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 58-чакырымында катталган.

“Гавайи” эс алуу борборунун жанынан 2016-жылы туулган Н.И.Н. аттуу бала жолдон чуркап чыккан. Аны 2002-жылы туулган М.С.Ш. аттуу жаран башкарып бара жаткан “Хонда Степвагон” унаасы сүзүп кеткен.

Бала ыргып кеткенден кийин, аны жолдо бара жаткан “Киа Рио” үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Жабырлануучу бала ошол жерде каза болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.