Бүгүн, 8-августта UFC уюмунун жеңил салмак категориясындагы мурдагы чемпион Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Мушкерди «Манас» эл аралык аэропортунда турнирдин уюштуруучулары тосуп алышты.
Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедовдун спорттук уюму Eagle Fighting Championship Кыргызстанда 10-августта Бишкек Аренада өтө турган аралаш мушташ (ММА) боюнча турнир өткөрөт. Буга чейин уюштуруучулар турнирде Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык Расул Магомедовдун беттеши болорун билдиришкен.
Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов турнирге ардактуу конок катары катышат.