Кытай АКШ делегациясынын Тайбэйге сапарынан кийин аскердик машыгууларын баштады

Кытай АКШ делегациясынын Тайбэйге сапарынан кийин Тайвандын айланасындагы алты акваторияда аскердик машыгууларын баштады. Бул тууралуу The Guardian агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, машыгуулар өтүп жаткан айрым жерлер Тайвандын суу аймактары менен чектешет жана негизги деңиз портторуна жакын жайгашкан.

Тайвандын аты-жөнү айтылбаган аткаминеринин билдиришинче, Кытайдын аскер-деңиз күчтөрүнүн онго жакын кемеси бир канча убакытка эки өлкөнүн суу аймагын бөлүп турган чектен өткөн. Мындан тышкары ал чектен бир нече кытай учагы да өтүп, бул Тайванды ракеталык системаларын ошол тарапка бурууга аргасыз кылган. The Guardian белгилегендей, Тайвандын аскерлери «согушка умтулбастан, согушка даярданууда».

Кытай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган делегациянын Тайванга сапарынан кийин төрт күндүк аскердик машыгуу өткөрө турганын жарыялаган.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин Тайванга барышы мамлекеттин суверенитетин бузуу катары бааланарын жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен.