Эстония Советтер Союзунун бардык эстеликтерин жок кылат

Эстониянын өкмөтү Советтер Союзунун бардык эстеликтерин жана монументтерин мамлекеттин бардык аймактарынан кулатмай болду.

12 big Эстония Советтер Союзунун бардык эстеликтерин жок кылат

Бул тууралуу 4-августта мамлекеттин өкмөт башчысы Кая Каллас билдирди. Анын айтымында бул кадам Украинадагы согуш менен байланыштуу себеп болгон.

«Башкы максат белгиленген – мамлекеттин бардык жерлеринен кызыл армиялык монументтерди сүрүп чыгаруу», – деп баса белгиледи Каллас. Ошондой эле ал кошумчалагандай, бул «өкмөттүн бардык мүчөлөрүнүн биргелешкен чечими». «Так график азырынча жок, – деди премьер. – Биз болгону бул иштерди эч кимге зыян жана тоскоолсуз тез арада кылуу аракетин көрүп жатабыз» дейт ал.

Эстонияда учурда 200-400 советтик эстеликтер бар.Бийликтин изилдөөсү боюнча алардын көпчүлүгү Улуу Ата Мекенди чагылдырган эстеликтер болуп саналат.