Атыр Абдрахматова Ала-Букада ыдыкка кабылган беш жашар кыздын видеосун таратпоого чакырды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ала-Бука районунда сексуалдык ыдыкка кабылган беш жашар кыздын окуясына байланыштуу тергөөчүнүн колундагы видео социалдык тармактарга тарап кеткенин билдирди.

«Азыр мага ыкчам маалымат келди, бул окуя боюнча тергөөчүнүн гана колунда турган видео соцтармактарга тарап кетиптир. Сураныч, бул видеону жаңылык кылбаңыздар, соцтармактарда таркатпаңыздар. Баланын укуктарын коргошубуз керек», — деди ал Фейсбуктагы баракчасында.