Чолпон-Ата шаарында президенттер жолугат: Жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат

2022-жылдын 20, 21- июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт. Аталган иш-чараны өткөрүү учурунда жол коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.


Ысык-Көл облусунда «Ысык-Көл» аэропорту – Чолпон-Ата каттамында делегациянын өтүү маалында гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.


Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ысык-Көл облусунун тургундарын жана конокторун өтүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт. Жолдо жүрүү эрежелерин жана маданиятын сактаңыз. Унаа каражаттарын жол боюнда кароосуз калтырбоо, жасалма тыгындарды жаратпоо, башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн жолдун каршы тилкесине чыкпоого чакырат.


КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы