Таласта эки адамдан күйдүргү илдети аныкталды

Талас облусунун Кара-Буура районунда күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн төрт адамдын анализдеринин жыйынтыгы чыгып, экөөнөн күйдүргү илдети аныкталды. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтаптар азыркы тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө.

«Лабораториялык изилдөөлөр аягына чыгып, 2 адамдын күйдүргүнү жуктуруп алганы белгилүү болду. Кийинки жума оорукандан чыгарабыз деп жатабыз. Абалдары канаттандырарлык», — дешти Саламаттык сактоо мекемесинен.