ИИМ министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Сузак районундагы эл менен жолугушууга катышууда

ИИМ: Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Сузак районундагы эл менен жолугушууга катышууда

Президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун эли менен жолугушууда. Жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Сузак районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 500дөн ашуун адам катышууда.

Жыйында Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров да бар.

WhatsApp Image 2022 07 15 at 11.29.46 1 ИИМ министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Сузак районундагы эл менен жолугушууга катышууда


Жергиликтүү тургундар жер, таза суу, электр энергия маселесин, дыйканчылык менен алектенүүдөгү көйгөйлөрүн, интернатта тарбиялануучуларга берилген тамак-аш маселесин, кредиттин пайыздарынын жогору экенине нааразычылыктарын, бала бакча, мектептин жетишсиздигин, билим берүү тармагын реформалоону айтышып, бул маселелердин аткарылышын көзөмөлдөп беришин суранышты. Андан сырткары, милиция кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгын, ишиндеги айрым кемчиликтерди дагы айтышып, бул багыттарда дагы бийлик өкүлдөрү көзөмөл кылуусун билдиришти. Мүмкүнчүлүгү чектелген дагы бир жаран кайрылып, “Ихсан” турак-жай кооперативине алданып калганын айтып, мыйзам чегинде бул ишти карап берүүлөрүн суранды. Ал эми, бийлик өкүлдөрү бардык суроолор дыкаат иликтенип, текшерилип мүмкүнчүлүктөргө жараша жарандардын берген суроолору менен өтүнүчтөрү чечиле турганын убадалашты.

WhatsApp Image 2022 07 15 at 11.29.46 ИИМ министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Сузак районундагы эл менен жолугушууга катышууда
WhatsApp Image 2022 07 15 at 11.29.45 ИИМ министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Сузак районундагы эл менен жолугушууга катышууда

ИИМдин Басма сөз кызматы