Дональд Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамп 73 жашында каза болду

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамп 73 жашында каза болду. Бул тууралуу саясатчы өзү билдиргенин The Times басылмасы жазды.

Дональд Трамптын мурунку жубайы Нью-Йоркто көз жумган. Жубайлар 1977-жылдан 1992-жылга чейин 15 жыл бир жашап, үй-бүлө болушкан. Алардын эки уулу жана бир кызы бар.