Сарыбулак кенинен Кытайга газ экспорттоо токтотулду

Казакстандын Зайсан бассейниндеги Сарыбулак кенинен Кытайга газ экспорттоо токтотулду. Бул тууралуу Чыгыш Казакстан облусунун акими Даниал Ахметов билдирди.

Кытай менен чек арадан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан кенден 9 жыл ичинде өндүрүлгөн газдын баары дээрлик коңшу мамлекетке экспорттолгон. Башында 5 млрд куб метр газ кору бар деп бааланган кен азыр дээрлик түгөнгөн.

«Келишим 1995-жылы түзүлгөн. Эл аралык келишимдеги шарттардын бардыгы аткарылган. Азыркы кезде кенде 328 млн куб метр газ кору калды. Бул жергиликтүү калк үчүн сакталып калышы керек. Ушул тапта 75 млн куб метр газ экспорту токтотулду, калган 328 млн бизге болжол менен 11 жылга жетет. Ошондуктан биз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, компаниянын макулдугун алдык. Алар 328 млн куб метр газды калкка сактап кое турган болду», – деди Даниал Ахметов.