Чолпонбек Абыкеевдин Түркияда казинолордун иштегендиги тууралуу билдирүүсү боюнча элчилик жооп берди

Бул тууралуу Булак. кж редакциясына Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Чолпонбек Абыкеевдин Түркияда казинолордун иштегендиги тууралуу билдирүүсү боюнча:

“Кыргызстанда казинолорду ачуу боюнча болуп жаткан ички саясий талкуулар, Кыргызстандын ички маселеси. 

Мындай саясий талкууларга Түркиянын мисал катары көрсөтүлүүсү жана кыргыз коомчулугуна Түркияда казинолор ачык деген маалымат таратуу, туура эмес деп эсептелинет. 

Түркияда казинолор өкмөттүн чечими менен 1996-жылы жабылган”.