Муктар Жумалиев бир катар кызматтардан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумалиев Муктар Кабылбекович Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.