16 жаштагы өспүрүм түтүнгө ууланып каза болду

Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-июнда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Сокулук айылынын Тынчтык көчөсүндө жайгашкан №46 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө саат 11:31де 2 бөлүм тартылып, өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү. Куткаруучулар издөө учурунда 71 жаштагы И.Н. аттуу жаран түтүнгө ууланып жеңил жаракат алган.

Учурда кардиология бөлүмүнө жаткырылып, абалы туруктуу. Ошол эле өрт чыккан үйдөн 2006-жылы туулган К.А аттуу бала түтүнгө ууланып, каза болгон. Анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.