Алмазбек Атамбаев Октябрь окуялары боюнча акталды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Октябрь окуялары боюнча акталды. Мындай чечимди бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Маалыматка караганда, мурдагы президент Атамбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөсүз деп табылды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Эске салсак, 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген. 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган болчу.