Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 38 жаштагы аял кармалды

Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнда Кемин райондук милициясына үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери 38 жаштагы Н.А. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө маркум күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип маркумдун 1982-жылы туулган А.С. аттуу жубайы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алганы белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.